Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Ливияда Сербия элчилигинин эки кызматкери уурдалды


Сербиянын тышкы иштер министрлиги 8-ноябрда жарыялагандай, алардын Ливиядагы элчилигинин эки кызматкери бул өлкөнүн түндүк-батышындагы Сабрата шаарчасынан уурдалып кеткен.

Серб тышкы иштер министрлиги ошондой эле болушунча көбүрөөк маалымат алып, уурдалып кеткендерди аман-эсен кайтаруу үчүн колдон келгендин баары жасалып жатканын кошумчалады.

Ливияда 2011-жылы Муаммар Кадафи бийликтен кулатылып, өлтүрүлгөндөн бери баш-аламандык өкүм сүрүүдө.

Түндүк Африканын мунайга бай өлкөсүндө азыр кош бийлик орноп, өлкө аймагын атаандаш аскерий топтор колдогон эки өкмөт бөлүп алып башкарууда. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG