Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул өлкөнүн шайлоо комиссиясы жарыялагандай, жекшембидеги добуш берүүгө калктын 80% келди, шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 16да жабылды.

Азыркы саясий өнөктүк Мьянманын акыркы 25 жылдагы алгачкы эркин шайлоосу катары каралууда.

Анда Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжинин «Демократия үчүн Улуттук лига партиясы” жеңип чыгары күтүлүүдө.

Бирок, Аун Сан Су Чжи өзү Конституцияга киргизилген өзгөртүүдөн улам президенттик кызматка бара албайт.

Өлкөдө добуш берүүгө укуктуулардын жалпы саны 30 миллион, бирок саны 1,1 миллион келген рохинга мусулмандарынын көбүнүн добуш берүүсүнө тыюу салынды.

Талапкерлерин шайлоого 91 миң партия алып чыкты.

Бирок, негизги атаандаштык “Демократия үчүн Улуттук Лига партиясы” менен бийликтеги “Тилектештик союзу жана Өнүгүү партиясы” ортосунда жүрүүдө.

Парламенттеги 664 орундун 25% армия үчүн бөлүнгөн.

Буга чейин Аун Сан Су Чжи 1990-жылдагы акыркы эркин шайлоодо жеңип, бирок армия шайлоо жыйынтыгын тааныган эмес.

Шайлоо артынан генералдар аскерий бийлик орнотуп, ал эми Аун Сан Су Чжи өзү он беш жыл үй камагында олтурду. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG