Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Орусия Мисирдеги жарандарын чыгарып кете баштады


Өткөн бир сутка ичинде Орусия Мисирде жүргөн 11 миң жаранын алып чыгып кетти. Жакыңкы аралыкта дагы ушунча адам чыгарылары расмий маалымдалды. Жүргүнчүлөргө учакка жеңил сумкалар менен гана чыгууга уруксат берилүүдө. Жүктөр башка учакта жеткирилет.

Жалпысынан Мисирдин Шарм-эл-Шейх жана Хургада курортторунда жүргөн орусиялыктардын саны 80 миңге жакын экени кабарланды.

Орус бийликтери 31-октябрдагы кырсыктын себептери так аныкталмайынча Мисирге учак каттамдары токтотуларын жарыялаган.

31-октябрда орусиялык авиакомпаниянын учагы Синай жарым аралдарынын үстүндө кыйрап, 224 адамдын өмүрү кыйылган. Учакка бомба орнотулган болушу мүмкүндүгү айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG