Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Бухарестте клубда набыт болгондор саны 45ке жетти


Кырсыкка байланыштуу чыккан нааразылыктар
Кырсыкка байланыштуу чыккан нааразылыктар

Бухарест шаарындагы клубда ондогон адамдын өмүрүн алган өрткө байланыштуу Румынияда алты күндөн бери наарaзылык акциялары уланууда. 30-октябрдагы кырсыкта жабыркап, ооруканага түшкөн кишилер арасынан дагы 4 адам каза болуп, жалпысынан көз жумгандар саны 45 кишиге жетти. Дагы жүздөй адам ооруканада жатат. Кырк кишинин абалы оор.

Маалыматтарга караганда, өрт фейерверк-шоу учурунда чыккан. Фейерверк жалыны курулуш-көбүгүнө тийип, өрт чыккан учурда кишилер дүрбөлөңгө түшкөн. Клубда бир гана эшик болгондуктан, адамдар имарат ичинде камалып калган. (SE)

XS
SM
MD
LG