Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу иши жакшыртылат


Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу саламаттыкты сактоо системасы үчүн негизги маселелердин бири бойдон калууда. Өткөн апта соңунда Бишкекке Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү келип, ушул жаатта чогуу аткарып жаткан иштердин жүрүшүн талкуулашты.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө жүрөк-кан тамыр, өпкө, рак жана кант диабети сыяктуу жугуштуу эмес оорулар адамдардын эмгекке жарабай калышынын, эрте каза болушунун негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Дарыгерлердин ырасташынча, мындай тобокелдиктерди азайтуу үчүн жарандарды сергек жашоого, тамеки тартпоого жана спирт ичимдиктеринен оолак болууга тарбиялоо маанилүү.

Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөлүк уюм менен биргеликте ушул багытта бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG