Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Ноокатта мектепти тоногон топ кармалды


Ош облусунун Ноокат районунда мектептин компьютердик классындагы жабдууларды уурдады деп шектелген топ кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 5-ноябрга караган түнү үч бала Жаңы-Базар айылында мектептин эшигин талкалап кирип, 2 компьютер, принтер, ксерокс жана башка жабдууну алып кеткен.

Ошол эле түнү кылмыштуу топ май куюучу бекеттин кызматкерлеринин 3 миң сомун тартып алган.

Кылмышка шектүү деп Ош шаарынын 19 жаштагы эки, 15 жаштагы бир тургуну кармалды. Алардын бири жакында эле аскерден келгени аныкталды. Учурда алар милициянын убактылуу кармоочу жайында жатат.

Кылмыш иш "уурдоо" жана "карактоо" беренелери боюнча козголду. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG