Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:30

Өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымат катчысы Фаридун Махмадалиев бүгүн билдиргендей, белгисиз топ баш калаадагы Сино районунун аскер комиссариатынын төрт кызматкерин бычактап кеткен. Бул кол салуудан эки офицер ажал таап, калган экөө оор жаракат алган. Кол салуу 7-ноябрдын таңында Дүйшөмбүнүн Дехоти көчөсүндө болгон. Анын себептери азырынча белгисиз. Махмадалиев кол салуунун 1-октябрда башталган аскерге чакыруу өнөктүгүнө тиешеси жоктугун кошумчалады.

Тажик ички иштер министрлиги офицерлерди бычактап, из жашырып кеткендер тууралуу маалымат айткандарга он миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык жарыялады.

Тажик бийликтери аскер жашындагы жигиттерди кармап, аскерде кызмат кылууга мажбурлаган аракети үчүн бир канча жылдан бери сынга алынып келет. Советтер Союзунан калгандай, өлкөдө 18ден 27 жашка чейинки жигиттер эки жылдык аскер кызматын өтөөгө милдеттүү. Аскерге чакыруу жылына эки маал - күзүндө жана жазында жүргүзүлөт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG