Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Түркияда ИМ тобуна кошулганы бараткан беш кыргызстандык кармалды


Сирияда ИМ тобунун катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны өсүүдө
Сирияда ИМ тобунун катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны өсүүдө

Түрк полициясы өлкөнүн түштүгүндөгү Адана провинциясында "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна кошулганы бараткан деп шектелген 38 чет элдик жаранды кармаганын билдирди. "РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда, алардын бешөө кыргызстандык экени аныкталды.

Мындан тышкары кармалгандардын 14 Азербайжан, 7 Индонезия, 5 Ирак, 3 Иран, 2 Тажикстан жана 2 Ооганстан жарандары. Алардын 10у аялдар, 15и балдар.

Сириянын террорчулар көзөмөлдөгөн аймагына чет элдиктерди жөнөтүү аракетин жасаган деген шек менен 2 киши кармалды.

Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.

Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта Сирияда экстремисттер тарабында 400гө жакын кыргызстандык согушуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG