Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Өзбек “жихадчылары” кыргызстандыктардан көрсөтмө алганы айтылууда


Өзбекстандын күч кызматкерлери Сириядагы “Бейишти сүйүүчүлөр” деп аталган уюмга кошулууну көздөгөн жарандар тобун кармады. Бирок канча киши экени белгисиз.

Жергиликтүү булактар милицияга шилтеп, алар кыргызстандык санаалаштарынан көрсөтмө алып турушканын жазып чыкты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети бул маалымат текшерилерин билдирди.

“Бейишти сүйүүчүлөр” ("Жаннат ошиклари") тобундагылардын басымдуу бөлүгү этникалык өзбектер. Алар жакында “Ал-Каида” террордук уюмуна кошулганын жарыялашкан.

Ушул тапта Сирияда согушуп жүргөн өзбек жарандарынын саны 500дөн 1500гө чейин экени айтылат. Ал эми Кыргызстандан кеткендер расмий эсепте 400дөн ашат.(SE\NT)

XS
SM
MD
LG