Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Кыргыз окумуштуулары илим көйгөйүн талкуулайт


Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында “Глобалдашуу доорундагы илимдин ролу” аттуу талкуу өтөт. Бул темада академия президенти Абдыганы Эркебаев баяндама жасайт. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар илимпоздордун эмгектери боюнча пикирлер ортого салынып, айрымдары сыйланарын аталган мекемеден кабарлашты.

Кыргызстанда соңку жылдары илимий изилдөөлөр солгундап кеткени коомчулукта сындалып, Илимдер академиясын реформалоо тууралуу сунуштар айтылып келет.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда өлкөдө 800 илимдин доктору, үч миңден ашуун кандидат бар. Илимий мекемелерде иштеген окумуштуулардын айлыгына өкмөт ай сайын 300дөн 600 сомго чейин акча кошуп берет.

1999-жылдан бери ЮНЕСКОнун демилгеси менен дүйнө жүзүндө эл аралык Илим күнү 10-ноябрда белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG