Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Өкмөт башчы төө бурчак маселеси боюнча Таласка барат


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн жумушчу сапар менен Талас облусуна барат. Аймакта дыйкандар төө бурчактын баасын көтөрүү талабы менен өткөн айдан бери бир канча ирет нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдиргендей, Сариев ушул маселе тууралуу Кара-Буура районунда дыйкандар менен сүйлөшөт:

-Бул маселе боюнча жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын пикирин угат. Жолугушуулар Кызыл-Адыр айылында өтөт.

Бир-эки жыл мурун 100 сомго чейин сатылган төө бурчак быйыл 30-35 сомдун тегерегинде болууда.

Темир Сариев жумушчу сапар алкагында Таластагы жолдордун курулушу жана жылытуу тармагындагы иштер менен да таанышат. (SE)

XS
SM
MD
LG