Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

Париждеги бүгүнкү жыйында БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму - ЮНЕСКОго Косовону да кабыл алуу маселеси добушка коюлду. "Эркин Европа/Азаттыктын" Балкан кызматы кабарлагандай, ага 92 өлкө макул, 50 мамлекет каршы деп добуш берди.
ЮНЕСКОго кирүүгө Косового болгону үч өлкөнүн колдоосу жетпей калды. Каршы чыккандардын арасында Сербия менен Орусия да болду.

Сербия президенти Томислав Николич добуш берүү калыс өткөнүн айтып, аны Косовонун мүчөлүгүнө каршы Орусия менен бирге үгүт жүргүзгөн Белград үчүн "моралдык жеңиш" деп атады.

ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешиндеги 58 мүчөсүнүн көпчүлүгү 21-октябрда Косовону уюмдун толук укуктуу мүчө өлкөсү деп таанууга сунуштама берүүнү колдогон.

Косовонун көз карандысыздыгын 110 мамлекет, анын ичинде АКШ жана ЕБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү тааныган. Бирок Белград Косовонун көз карандысыздыгы үчүн каршылыгын улантып, Орусиянын колдоосу менен Косово БУУга кабыл алынышына да тоскоолдук кылган.

Косовонун аймагында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген бир канча жайлар бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG