Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Ачкачылык жарыялаган Абековдун ден соолугу начарлады


Алмазбек Абеков
Алмазбек Абеков

Абакта отуруп, ачкачылык жарыялаган Алмазбек Абековдун ден соолугу начарлады. Ал 9-ноябрь күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 47-түрмө ооруканасына которулганын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

“Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири саналган Абеков мекемедеги коррупциялык иштер боюнча айыпталып камалган. Ал өзүнүн конституциялык укуктары бузулуп жатканын белгилеп, 3-ноябрда ачкачылык жарыялаган. Укугу бузулуп жатканына даттанып, Башкы прокуратурага, күч түзүмдөрүнүн башчыларына, ЕККУ, Кызыл чырым уюмуна да кайрылуу жолдогон.

Абеков алгач 2012-жылы кармалып, анан үй камагына чыгарылган. Быйыл сентябрда кайра камакка алынган. Ага жана эки кишиге 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. (SE)

XS
SM
MD
LG