Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Москвада киши колдуу болгон саясатчы Борис Немцовдун туугандарынын жактоочусу анын өлүмүнө Чеченстан Ички иштер министрлигинин өкүлү шектелип жатканын билдирди.

Адвокат Вадим Прохоров 9-ноябрда маалымдагандай, тергөөчүлөр чечен Ички иштер министрлигинин алдындагы “Север” батальонунун мүчөсү Руслан Мухитдиновго сырттан айыбын угузду. Ал Немцовго кол салууну уюштурган деп айтылууда.

Кремль саясатын сындап келген Борис Немцовду быйыл 27-февралда Москвада көчөдө атып кетишкен. Ал өлүмүнөн бир нече саат мурда Орусиянын Украинага мамилесине каршы жапырт жүрүш өткөрүүгө чакырык жасаган эле. Кылмышка шектелип буга чейин кармалган беш кишинин баары Кавказ чөлкөмүнүн тургундары. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG