Линктер

жума, 24-февраль, 2017 Бишкек убактысы 19:15

Ооган президенти Ашраф Гани Забул провинциясында экстремисттер мууздап салган жети кишинин жакындарына көңүл айтты. Маркумдардын баары хазари уруусунан экени, мусулманчылыктын шиит багытын карманышары маалым болду. Арасында төрт эркек, эки аял жана бир ымыркай бар. Аларды Пакистанга чектеш Аргандаб аймагында 6-ноябрь күнү өлтүрүшкөн.

Забул провинциясынын губернатору бул кылмышты өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ жасаганын белгиледи. Анын айтуусунда, маркумдар Газни аймагынан уурдалып келген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG