Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Психиатриялык ооруканаларга «ишеним кутучалары» орнотулууда


Жалал-Абаддагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканага алты, Ош облустук психиатриялык саламаттык борборуна төрт "ишеним кутучалары" орнотула баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Оштогу "Медициналык жана социалдык укук борборунун" жетекчиси Умаржан Шадиев билдирди. Анын айтымында, жабык ооруканалардагы бейтаптар жана медициналык кызматкерлер өз укуктары, ал жердеги көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды кутучага салып турса болот.

Түшкөн каттарды ар апта сайын Ош, Жалал-Абад облусундагы акыйкатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү текшерип турат.

Иш-чара адам укуктары боюнча «Эдвокаси борборунун» «Мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу» долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Учурда Кызыл-Жардагы республикалык психиатриялык ооруканада 350, Ош облустук психиатриялык саламаттык борборунда 170 бейтап бар. (YI)

XS
SM
MD
LG