Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Ошто исламдын радикалдашуу себеби талкууланды


“Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ош шаарында мамлекеттик органдар, муфтият, эксперттер жана журналисттер катышкан талкуу уюштурду. Анда исламдын радикалдашуусуна эмне себеп болуп жатканы, мунун кесепети, зыяны талкууланды.

Катышуучулардын көбү радикализмдин жайылышына бөгөт коюу үчүн Борбор Азия мамлекеттери тыгыз кызматташтыкта болушу керектиги, айрыкча балдар менен аялдарды түрдүү жолдор менен азгырып, ислам динин жамынуу менен террорчулукка, экстремизмге түрткөн күчтөргө каршы күрөш зарыл экени айтылды.

Соңку маалыматтарга караганда, учурда Сириядагы согушка 400гө жакын кыргызстандык катышууда, алардын арасында аялы, балдарын өзү менен кошо ала кеткендер да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG