Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Футбол: Землянухин Кыргызстан-Австралия оюнуна катышпайт


Антон Землянухин. Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.
Антон Землянухин. Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин 12-ноябрда Австралияда боло турган Кыргызстан менен Австралия курама командаларынын беттешинде ойнобой калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка караганда Сербиянын “Раднички" клубунда ойногон Землянухин аталган өлкөнүн чемпионатынын Суперлигасында “Белград” клубуна каршы беттеште жаракат алып калган. Кырсыктын чоо-жайы азырынча белгисиз. Землянухин 17-ноябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Иордания курамасы менен боло турган оюнга даярданаары айтылууда.

Кыргызстандын курама командасы 9-ноябрдан бери Австралиянын Канберра шаарында машыгууларын өткөрүүдө. 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтө турган Австралия-Кыргызстан беттеши 12-ноябрда Канберра шаарындагы "GIO Stadium" стадиондо Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до башталат.

Буга чейин Бишкектеги акыркы машыгууларда коргоочу Даниел Тэго белин кокустатып алып команда менен кошо Австралияга барбай калган. Чабуулчу Мирлан Мурзаев документ иштерине байланыштуу кураманын катарына кошулган эмес. Бул оюнчулар дагы Иордания курамасына каршы оюнга даядык көрүшүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG