Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Талас: Дыйкандар өкмөт башчы менен төө буурчак маселесин талкуулайт


Таласта иш сапарда жүргөн премьер-министр Темир Сариевдин Кара-Буура районундагы жолугушуусуна 200дөн ашуун дыйкан катышты. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын маалымдаганына караганда, жолугушуу 3 саат созулду. Дыйкандар төө буурчактын баасын жогорулатууну, аны кабыл алуу эрежелерин жоюуну талап кылышты.

Эреже боюнча облуста төө буурчак сатып алып жаткан фирмага ар бир дыйкан 5 гана кап сата алат. Ал үчүн өзү жашаган айыл өкмөттөн каттоосу тууралуу атайын тактама кагаз алышы керек.

Өкмөт башчы карабууралык дыйкандардан 10 чакты өкүлдү кечки 5те Талас администрациясынан кабыл алууну убада кылды. (SS/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG