Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:15

Экс-депутат Коркмазовдун адвокаты аны толук актоону суранды


Коркмазовдун кылган ишинде кылмыш жок жана ал толугу менен акталышы керек деген өтүнүчтү ушу тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан соттук териштирүүдө анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазов Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевди актоо үчүн анын кызынан 100 миң долларды президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге берүү максатында алган деп айыпталууда.

Нарымбаевди мамлекеттик айыптоо 12 жыл 6 айга жылга кесүүнү, Коркмазовду да 12 жылга эркинен ажыратууну суранууда.

Түлеев мэр болуп турганда Кытайдан автобус сатып келүүдө мамлекеттик каражатты мыйзамсыз короткон деп айыпталып, 2013-жылы 11 жылга кесилген. (UEz/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG