Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Жалал-Абадда өрт кырсыгынан чет элдик студент мерт кетти


Жалал-Абад шаарынын А.Пушкин көчөсүндө жайгашкан көп кабат үйлөрдүн бириндеги батирден чыккан өрттөн улам бир адам набыт болду. Бул тууралуу бүгүн облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов “Азаттыкка” билдирди.

Мерт болгон адам Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган 21 жаштагы Тажикстандын жараны экени аныкталды. Ал эс алуу күндөрү таякесинин үйүнө конокко келген.

Өрт кырсыгы жылытуучу электр жабдыктарын пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыкканы аныкталды. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG