Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Консулдук Сирияга баратып кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалыматты текшерүүдө


Кыргызстандын Түркиядагы консулдугу бул өлкө аркылуу Сирияга өтүп баратып кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" консул Айбек Акаев билдирди.

Бул маалыматты учурда Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитети да текшерип жатат.

Түрк полициясы өлкөнүн түштүгүндөгү Адана провинциясында "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна кошулууга бараткан деп шектелген 38 чет элдик жаранды кармаганын, алардын бешөө Кыргызстандан экенин 9-ноябрда "РИА Новости" агенттиги кабарлаган.

Мындан тышкары кармалгандардын 14ү Азербайжандын, жетөө Индонезиянын, бешөө Ирактын, үчөө Ирандын, экөө тажик жана экөө ооган жарандары. Алардын ичинен 10у аялдар, 15и балдар.

Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.

Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта Сирияда 400гө жакын кыргызстандык согушуп жүрөт. (KE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG