Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Орусиянын Спорт министрлиги Допингге каршы эл аралык агенттик менен кызматташат


Бүгүн Орусиянын Спорт министрлиги Допингге каршы дүйнөлүк агенттик менен кызматташууга даярдыгын билдирди. Буга чейин агенттик атайын комиссиянын иликтөөсү аяктамайынча Орусиянын Жеңил атлетика федерациясын дисквалификациялоону жана спортчуларын мелдештерден убактылуу четтетүүнү сунуш кылган. Комиссиянын айтымында, улуттук федерация допингге каршы эл аралык кодексти аткарбай, көп жылдардан бери паракорлукка, бурмалоолорго, көз боемочулукка жол берип келген. Отчетто былтыр декабрда комиссия мүчөлөрү Орусияга келээрде Москвадагы допинг лабораториясынын директору Григорий Родченков 1 миң 400дөн ашуун анализдерди жок кылганы белгиленген. Спортчулардан алынган пробалар башка лабораторияларда дагы бир ирет текшерилмек.

Эл аралык Жеңил атлетика федерациясынын төрагасы Себастьян Коэ Орусия аптанын этегине чейин отчеттогу дооматтарга жооп берүүгө тийиш деп айтты. Орусиялык федерацияга кандай чара көрүлөөрүн эл аралык федерациянын кеңеши чечмекчи.

XS
SM
MD
LG