11-ноябрда Кыргыз тоо кыркаларында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 10...15,
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13,
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12,
Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 6...11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...-7.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 12…14 градус болот.