Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Индиялыктар Британиядан Кохинур бриллиантын кайтарууну талап кылышууда


Индиялык бир катар бизнесмендер жана Болливуд жылдыздары Британ империясынын таажысындагы бриллиантты кайтарууну талап кылып, Лондондун сотуна доо арыз менен кайрылышты. Алардын ырастоосунда,105 карат асыл таш Индиядан уурдалган. Белгилүү Кохинур 150 миллион долларга бааланууда. "Ал жөн эле таш эмес, тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын бир бөлүгү жана кайтарылууга тийиш, - дешет индиялыктар.

1850-жылы Кохинурду британ оторчулугу маалында Индиядан Британияга алып чыгып, каныша Викторияга белекке тапшырышкан.

Азыркы каныша Елизавета Тауэрде сакталып турган таажыны жылына бир нече жолу – парламентке барганда же салтанаттуу иш-чараларда кийип чыгат.

Британ премьер-министри Дэвид Камерон асыл таштын кайтаралышына каршылыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG