Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37

Түркия аркылуу Сирияга баратып кармалган беш адам кыргыз жараны экени тастыкталды


Түркия аркылуу Сирияга өтүп баратып кармалган 5 адам кыргызстандыктар экени расмий тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Түрк полициясы өлкөнүн түштүгүндөгү Адана провинциясында "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна кошулуу үчүн бараткан деп шектелген 38 чет элдик жаранды кармаганын, алардын бешөө Кыргызстандан экенин кабарлаган. Мындан тышкары кармалгандардын 14ү Азербайжандын, жетөө Индонезиянын, бешөө Ирактын, үчөө Ирандын, экөө тажик жана экөө ооган жарандары. Алардын ичинен 10у аялдар, 15и балдар.

Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.

Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта Сирияда 400гө жакын кыргызстандык согушуп жүрөт. (KE/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG