Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Брюссел Евробиримдикке кошулууга умтулган Түркияны сындады


Евробиримдик Түркияны мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыздоо чөйрөсүндө артка чегинип жатканын белгиледи. Ошол эле маалда 10-ноябрда жарык көргөн докладда шаркетке кошулууну умтулган өлкөнүн сириялык качкындарга башпаанек берүү жана мигранттар кризисин жөнгө салуудагы кызматташтыгына жогору баа берилген.

Бирок Анкара өкмөтүнүн сөз эркиндигине жана сот системасынын көз карандысыздыгына көлөкө түшүргөн аракеттери сынга кабылган.

Сөз болгон баяндама биримдикке кирүүгө талаптанган өлкөлөр боюнча жылдык отчеттун бир бөлүгү болуп саналат. Брюссель аны 1-ноябрдагы парламенттик шайлоо өтмөйүнчө чыгарбай кармап келген.

Түркия Еврошаркетке кошулууга 1987-жылдан бери умтулуп келатат. Бирок сүйлөшүүлөр көбүнчө Франция менен Германиянын каршылыгы, Түркиянын Кипр менен тирешүүсүнөн улам токтоп калууда.

Биримдик ушул эле күнү калган талапкерлер Албания, Босния-Герцеговина, Косово, Македония, Монтенегро жана Сербия боюнча докладдарын жарыялады. Ошол эле маалда Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер блокко 2019-жылга чейин жаңы мүчөлөр кабыл алынары күтүлбөйт деп айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG