Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Жон Керри Сирия боюнча Вена сүйлөшүүлөрүнө катышат


Жон Керри
Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышуу үчүн 14-ноябрда Венага барат. Мамлекеттик департамент 9-ноябрда билдиргенге караганда, жолугушуу Сириядагы жарандык урушка чекит коюу планына жетишүүгө багытталган 17 өлкөнүн, Улуттар Уюму жана Европа биримдигинин катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн уландысы болмокчу. Жыйынга, алдын ала маалыматтарга ылайык, Сирия оппозициясынын же президент Башар Асаддын өкүлдөрү катышпайт. Буга чейинки айлампа 30-октябрда өткөрүлгөн. Тараптар ок атышууну токтотуу жана өткөөл өкмөт түзүү боюнча мунаса табууга аракеттенишүүдө. 2011-жылдан бери созулуп келаткан куралдуу жаңжал кеминде 250 миң кишинин өмүрүн алып кетти.

Венадан кийин Керри Туниске барып, андан кийин 15-ноябрда президент Барак Обама менен бирге Түркияда Чоң Жыйырманын саммитине катышат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG