Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Нарымбаев-Коркмазов соту: кезек өкүмдө


Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов сотто
Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов сотто

Мамлекеттик айыптоочулар жемкорлукка шектелген Данияр Нарымбаевди 12,5 жылга, экс-депутат Хажимурат Коркмазовду 12 жылга кесүүнү соттон сурашты. Өкүм 18-ноябрда чыгарылат.

Бишкектин Биринчи Май райсотунда 10-ноябрда өткөн соттук отурумда прокурорлор пара алды деп шектелген президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевге 12,5 жыл, экс-депутат Хажимурат Коркмазовго 12 жыл күчөтүлгөн режимдеги абак жазасын чектөөнү сурашты. Мамлекеттик айыптоочулар төрт айга созулган соттук териштирүүдө Нарымбаев менен Коркмазовдун күнөөсү толугу менен далилденип, камактагы Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылганы аныкталганын билдиришти.

Коркмазов менен Нарымбаевдин күнөөсү теңби?

Эгер сот прокурорлордун жүйөөсүн канааттандырса экөөнүн тең үй мүлкү мамлекет эсебине өтүп, Нарымбаев класстык чининен, Коркмазов генерал-майорлук наамынан кол жууйт.

Нарымбаев менен Коркмазовду 12 жылга соттоо суралды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Деген менен айыпталуучулардын жактоочулары прокурорлор күнөөнү толук далдилдебей туруп, ишти жабууга аракет кылып жатканын айтышууда. Адвокат Кайрат Загибаев Коркмазов пара чуусунда Түлеевдин жакындары менен Нарымбаевге ортомчулук милдет аткарганын танбайт. Бирок Нарымбаев экөөнө бирдей жаза чектегиси келген мамлекеттик айыптоочулар менен макул эмес.

- Кылмыш-жаза кодексинде эгер айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, акыйкаттыкка жетүү үчүн тергөө менен тыгыз иштешсе, жазасы жеңилдейт деп жазылган. Хажимурат Коркмазов бул иште жөн гана ортомчулук кылган. Параны Данияр Нарымбаев талап кылган. Прокурорлор ушул жагдайды эске албай жатат. Алар ушуну билбейби же атайын кылып жатабы, айтор адилеттикти аныктоого аракет кылышкан жок.

Буга чейинки соттук отурумдарда Хажимурат Коркмазов Нарымбаев Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу маселесин Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн анын үй-бүлөсүнөн 200 миң доллар пара талап кылып, анын 50 миңин алып барып колуна бергенин айткан. Нарымбаев мунун баарын төгүндөгөнү менен Жогорку Соттун ошол кездеги төрага орун басары Канатбек Турганбековго Түлеевдин ишине көңүл буруп коюусун суранып, телефон чалганын мойнуна алган.

Түлеевдин жакындарынан паранын экинчи бөлүгүн - 100 миң долларды алып жатканда колго түшкөн Коркмазов акчаны Нарымбаев суратканын, өзү жөн гана ортомчу экенин айтып келет.

Соттук териштирүүлөрдө Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу маселесинен президент Алмазбек Атамбаев, КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков, экс-депутаттар Феликс Кулов жана Нургазы Айдаров да кабардар экени белгилүү болгон.

Мунун баары Кыргызстанда жогорку бийлик өкүлдөрүнүн сотторго телефон чалып, алардын чечимдерине таасир этүү өнөкөтү кеңири жайылганын далилдейт дешет адистер.

Алардын бири - “Коомдук иликтөөлөр” институтунун башчысы Рита Карасартованын айтымында, Нарымбаев менен Коркмазовдун бул кыңыр ишинин ачыкка чыгышы сот системасындагы ириң жарылгандай эле болду.

- Бул иш сотторго телефон чалуу, алардын иштерине кийлигишүү сыяктуу тымызын иштерди ачыкка чыгарганы менен жакшы болду. Турсунбековдун, Куловдун кимдерге чалганы, депуттатар эс алуу бөлмөсүндө отуруп алып маселерди кантип чечери ачыкка чыгып калды. Бирок сот кимдин күнөөсү канчалык экенин далилдер менен адилет аныкташы керек.

Бул иш боюнча сот өкүмү 18-ноябрда чыгат. Нарымбаев менен Коркмазов сотто сүйлөгөн акыркы сөздөрүндө Түлеевдердин үй-бүлөсүнө “жардам берүү” аракетинде кылмыш аракети жок экенин белгилеп, өздөрүн актоону өтүнүштү.

Чуулуу иш, кылчактаган сот

Бул иш коомчулукта резонанс жараткандыктан сот кандай чечим кабыл алат деп кулак түргөндөр көп. Саясат талдоочу Марат Казакбаев президенттин мурдагы оң колуна карата чечим чыгарууда соттор сөзсүз түрдө жогору жакты карап, кылчактайт деген ойдо.

- Эгер сот Нарымбаев менен Коркмазовду актап жиберсе, эл коррупцияга каршы күрөшкө такыр ишенбей калат. Анткени экөө тең жемкорлукка айыпталып жатышат. Ошондуктан сот калыс карап чечим кабыл алышы керек. Бирок учурда сотко ар кайсы күчтөр тараптан аябай эле басым болуп жатат. Бул саясий өңүттөгү иш. Президент тараптан кысым болуп жатат деп айта албайм.

УКМК ушул жылдын 15-июлунда ошол кездеги депутат Хажимурат Коркмазовду Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармап, камакка алган. 22-июлда ушул эле иш боюнча президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев да камакка алынган. Прокуратура экөөнө тең кызмат абалынан кыянат пайдалануу, пара талап кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG