Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Германиянын мурдагы канцлери Шмидт көз жумду


Гелмут Шмидт 96 жашында дүйнө салды.

Гелмут Шмидт 96 жашында дүйнө салды.

10-ноябрда Германиянын мурдагы федералдык канцлери Гелмут Шмидт 96 жашында дүйнө салды. Маркум бул жогорку кызматты 1974-1982-жылдары аркалаган. Шмидт 1918-жылы Гамбург шаарында туулган. 18 жашында, мектеп окуучусу кезинде Гитлердин Гамбургдан Нюрнбергге жүрүшүнө, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Шмидт Бремен шаарын коргоого, Чыгыш фронтундагы кармаштарга катышкан. Кийин авиациялык өнөр жай министрлигинде иштеген. 1945-жылдын мартында союздаштардын туткунуна түшүп, ошол эле жылы августта бошотулган. Согуштан кийин болочок канцлер Гамбург университетинде укук жана сясат таануну адистигин окуган.

Шмидт жана Франциянын экс-президенти Валери Жискар д'Эстен 1970-жылдардын аягында Европанын бирдиктүү валюта системасынын пайдубалын түзүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG