Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Токмокто сууга чөгүп бараткан адамды куткарам деген милиционер каза болду


Чүй облустук милициясы сунуштаган сүрөт
Чүй облустук милициясы сунуштаган сүрөт

Токмок шаарында 8-ноябрь күнү сууга чөгүп бараткан адамды куткарам деген милиционер каза болду.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, каналда агып бараткан аял жардам сурап жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Күч кызматкерлери тез жардам менен жетип барган жана 25 жаштагы кызматкер Тынчтыкбек Абдырахманов аны куткаруу үчүн сууга секирген. Тилекке каршы, күчтүү агым экөөнү тең агызып, курман болушкан.

Маркум милиционер Чүйдүн тургуну, эки баланын атасы. Күч тармагында 2013-жылдан бери иштеп келаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG