Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Сарпашев Мамкаттоо кызматын жетектейт


Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын жетектейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактардан белгилүү болду. Бүгүн ал Мамкаттоо кызматынын жамаатына тааныштырылат.

Сарпашев буга чейин өкмөт башчынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо биометрикалык ыкманы колдонуу иши толугу бойдон анын көзөмөлүндө болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG