Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Жээнбеков: Багытыбызды азыртан тактап алышыбыз керек


Жогорку Кеӊештин жаңы чакырылышы талкуулай турган негизги маселелердин бири конституциялык реформа болот. Бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып төрага Асылбек Жээнбеков алдыда турган иш-пландар менен артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Төрага президент Алмазбек Атамбаев парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө толук парламенттик башкарууга өтүү чараларын камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилегенин айтты.

- Ал үчүн Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени президенттин аппараты, өкмөт, жарандык коомдун өкүлдөрү менен чогуу талкуулап, биз кайсы багыт менен кетерибизди азыртан аныктап алганыбыз туура болот, - деди Жээнбеков.

Парламент төрагасы ошондой эле сот реформасын ишке ашыруу актуалдуу маселе бойдон калып жатканын, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң салым кошо турган «Жерүй», «Талды-Булак Сол жээк» сыяктуу ишканалардын толук иштеп кетиши үчүн зарыл иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө керектигин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG