Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

УКМК: Коргоо мекемеси мамлекетке үч миллион сомдук зыян келтирди


Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы өлкөнүн коргоо мекемесиндеги жемкорлукту иликтөөдө. Бүгүн таратылган маалыматка караганда, быйыл сентябрь айында мурдагы Коргоо министрлиги аскерлерге бут кийим сатып алууда мамлекетке 3 миллион 240 миң сом зыян келтирди. Мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында «СнабДи Кыргызстан» ишканасы жеңип чыгып, андан бут кийим 2600 сомдон сатылып алынган. Бирок текшерүү учурунда андай батинкелерди 1400 сомго сатып алуу мүмкүн болгону аныкталды.

Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жакында Коргоо министрлиги Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет болуп кайра түзүлгөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG