Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Москвада советтик белгилүү кинорежиссер Юнгвальд-Хилькевич дүйнө салды


Георгий Юнгвальд-Хилькевич

Георгий Юнгвальд-Хилькевич

81 жаштагы атактуу кинорежиссер бүгүн таңда Москвадагы ооруканалардын биринде кайтыш болгонун жубайы Надира Юнгвальд-Хилькевичке шилтеп орус маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал 3-ноябрдан бери жүрөк ооруусунан улам ооруканада жаткан.

Георгий Юнгвальд-Хилькевич 1934-жылы Ташкенде туулган. Режиссердун аты 1969-жылы "Коркунучтуу гастролдор" тасмасы менен чыккан. Бул фильмде башкы ролду Владимир Высоцкий аткарган эле. Юнгвальд-Хилькевич жыйырмадан ашык толук метраждуу көркөм тасма жаратып, алардын көпчүлүгү Украинанын Одесса киностудиясында тартылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG