Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Vimpelcom холдингинин мурдагы башчысы камактан чыкты


Жо Лундер
Жо Лундер

Ослодогу апелляциялык сот Vimpelcom телекоммуникация холдингинин мурдагы башкы директору Жо Лундерди ага байланыштуу ишти иликтөө бүткөнчө камактан бошотконун Норвегиянын экономикалык жана экологиялык кылмыштарды иликтөө агенттиги кабарлады. Жо Лундер 4-ноябрда Лондондон Ослого учуп келери менен аба майданында кармалган. Ал Өзбекстандагы коррупциялык келишимдерге байланышы бар деп шектелүүдө. Былтыртан бери АКШ менен Нидерланд бийлиги Vimpelcom компаниясы менен өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага таандык Takilant Ltd холдингинин ортосундагы келишимдерден коррупцияны изилдөөдө.

Лундер өзү бул ишке тиешеси жок экенин айтып, айыптоолорду четке кагып келет. Ал Vimpelcom холдингинин башчылыгынан өткөн жазда кеткен. Бул компания Орусия, Италия, Канада, Украина, Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүндөгү уюлдук операторлордун башында туруп, кардарларынын саны боюнча дүйнөдөгү ири телекоммуникациялык ишканалардын бири катары саналат.

XS
SM
MD
LG