Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Өкмөт жыл аягына чейин дагы 14 мектеп курат


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн билим берүү мекемелерин куруу жана аларды кабыл алуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 71 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган. Азыркыга чейин 57 имарат пайдаланууга берилди. Ноябрь айынын соңуна чейин 9, ал эми декабрь айында беш мектеп ишке берилмекчи.

Пайдаланууга берилген мектептер бардык зарыл шарттар: спортзал, ашкана, даараткана жана ысык суу менен камсыздалган.

Өкмөт башчы Темир Сариев мектеп имараттарын курууда анын баасын негисиз көтөрүү фактылары болбошу үчүн тыкыр текшерип чыгуу зарылдыгын билдирди. Бул боюнча атайын топ түзүп, текшерүүнү биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге тапшырды.​ (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG