Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Бүгүн кыргызстандык жана австралиялык футболчулар беттешет


Кыргызстан-Австралия беттеши, 16-июнь, 2015-жыл. Бишкек шаары.
Кыргызстан-Австралия беттеши, 16-июнь, 2015-жыл. Бишкек шаары.

Бүгүн Канберра шаарында Кыргызстан менен Австралия футболчулары кезектеги беттешин өткөрөт. Кыргызстандын улуттук курамасы бир апта мурун Австралияга жөнөп кеткен. Таймаш GIO Stadium майданында, Бишкек убактысы менен күндүз саат үчтө башталат. Бул тууралуу кыргыз футбол федерациясынан кабарлашты.

Беттеш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтөт. Эки команданын биринчи оюну быйыл 16-июнда Бишкекте болуп, 1:2 эсебинде австралиялыктар утуп алган. (SE)

XS
SM
MD
LG