Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Индонезияда крокодилдер аралдагы абакты кайтарат


Индонезиянын бийлиги аралда жаңы абак курганы жатат. Аны киши жегич крокодилдер кайтарат. “Интерфакс” жазгандай, ал жерде маңзат менен кармалгандар гана отурушат.

Өлкөнүн маңзатка каршы Улуттук агенттигинин башчысы Буди Васезо крокодилдер адамдарга караганда күзөтчүлүк милдетти мыкты аткарышарын, аларды пара берип сатып алууга болбой турганын белгиледи.

Ошондой эле абакта отургандардын бирөө качып бараткан жеринен крокодилдерге жем болуп калса, аларды эч ким мыкаачы деп күнөөлөй албайт.

Мындай сунуш Юстиция министрлигине жиберилди. Азыр агенттиктин кызматкерлери аралдарды аралап, эң коркунучтуу крокодилдерди издеп жатышат. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG