Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Акыйкатчы кызматына сынак жарыяланат


Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев

Жогорку Кеңеш Кыргызстан акыйкатчысынын кызмат ордуна сынак жарыялады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Омбудсмен болууну каалагандар документтерин 20-ноябрга чейин тапшыруусу керек. Талапкердин жаш курагы 35тен 65 жашка чейин болушу мүмкүн. Кыргыз жана орус тилдерин билген, мурда соттолбогон, башка мамлекеттин жарандыгын албаган Кыргызстан жараны сынакка катыша алат.

Быйыл июнда мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламенттин чечими менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынган. Андан бери омбудсмендин милдетин Гүлнара Жамгырчиева аткарып келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG