Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Астана Евробиримдик менен алакасын чыңдайт


Астана
Астана

Астанада өткөн бүгүнкү экономикалык форумда Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Европа Биримдиги менен өнөктөштүктү бекемдөө жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы келишим болорун билдирди. Анын айтымында, Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы мындай келишимге кийинки айда кол коюлары күтүлүүдө.

Астана менен Брюссель соңку беш жылдан бери бул келишимдин долбоорун талкуулап келатат. Европа Биримдиги Борбор Азиядагы экономикасы өнүккөн жана Евразия экономикалык биримдигинде Орусиянын эң жакын өнөгү саналган Казакстан менен кызматташтыгын чыңдоого кызыкдар экенин буга чейин билдирип келген.

XS
SM
MD
LG