Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Украинанын коргоо министрлиги өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнө таандык Су-25 учагы Запорожьеден анча алыс эмес жерде машыгуу учурунда кыйроого кабылып, 23 жаштагы учкуч каза тапканын билдирди. Министрликтин маалымат катчысы кырсык бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки ондордо болгонун гана билдирип, анын себептерин айткан жок.

Бирок Интерфакстын кабарчысы учак Терновка айылынын жанындагы талаада электр линиясына урунуп алганын жазып чыкты.

Су-25 учагы Совет доорунда кургактагы аскерлерге абадан колдоо көрсөтүү максатында 1970-жылдары жасалган. Украин аба күчтөрү мындай учактарды 2014-жылы башталган өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге каршы согушта колдонуп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG