Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Дүйшөмбүдө орус аскери киши өлтүрүүгө шектелүүдө


Орусиянын Тажикстандагы аскер базасында кызмат өтөгөн 26 жаштагы Иван Шербаков жергиликтүү Шоира Жаббарова аттуу аялдын өлүмү үчүн шектелип кармалды. Маалыматтарга караганда, орус аскери 22 жаштагы Жаббарованы 5-ноябрда аскер базанын аймагындагы жатаканага чакырып, ал ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк анын сөөгү базанын жанынан табылган. Бул окуядан соң тажик тышкы иштер министрлиги Орусия элчисине нааразылык нотасын жолдоп, мындан кийин орус аскер базасынын кызматкерлери бейчеки иштерге барышына жол бербөө үчүн тиешелүү чара көрүлүүсүн талап кылды.

Associated Press агенттигине аталган базадан бул ишти иликтөөдө милиция менен кызматташып жатканын айтышкан.

Бул Тажикстандагы орус аскерлерине байланышкан алгачкы кылмыш иш эмес. Аскер базанын эки кызматкери быйыл августта орус аскер сотунун өкүмү менен 17 жана 13 жылга эркинен ажыратылган. Алар 2014-жылы бир тажик таксистин өлтүргөн деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG