Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

БУУ Иран бийлигин журналисттерди ооздуктоону токтотууга чакырды


БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Иран бийлигине кайрылып, журналист жана блогерлерди көзөмөлдөөнү жана камакка алууларды токтотууну сунуштады. Уюмдун Иран боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттары эркин иштей албай жатканын белгилеп, соңку кездери сөз эркиндигин ооздуктоонун жаңы толкуну каптап, бир канча журналист камалганын кошумчалады. Ал жакында эле “Ислам ыңкылабы кароолчулары” кармаган беш журналисттин тагдырына тынчсызданып жатканын билдирди. Журналисттер Батышты колдоп, улуттук баалуулуктарга шек келтирип жатат деп күнөөлөнгөн.

Иран журналисттерди темир торго салган мамлекеттер арасында лидер саналат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG