Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

АКШда учак кулап, тогуз адамдын өмүрү кыйылды


Hawker учагы. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Hawker учагы. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Огайо штатындагы Акрон шаарында чакан учак жер тамдын үстүнө кулап түшүп, 9 адам набыт болду. Полиция Hawker учагында 7 жүргүнчү жана 2 учкуч болгонун билдирди. Учак техникалык мүчүлүштүктөн улам жерге кулап, жарылып кеткен. Бактыга жараша учак түшкөн үйдө эч ким болгон эмес.

Алар Дейтон калаасынан Акрон шаарына учуп бараткан болчу. Дарегине жетүүгө 3 километр калганда кырсыкка кабылышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG