Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Казакстанда “Менин атым Нурсултан” аттуу сынак жарыяланды


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Сынак туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин күнүнө арналган. Анда Нурсултан аттуу жарандар ысымынын мааниси тууралуу дилбаян жазышы керек.

Уюштуруучу, «Казконтент” компаниясынын өкүлү Алтынбек Кумырзакулынын айтуусунда, сынакка 5тен 30 жашка чейин Нурсултан аттуу жарандар катыша алышат.

Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү борборунун башчысы Толганай Умбеталиева бул сынакты президентке жагалдануу аракети деп сыпаттоодо.

2012-жылдан баштап Казакстандын биринчи президентинин күнү 1-декабрда өткөрүлүп келет.

Нурсултан Назарбаевдин өлкөнү башкарып жатканына 25 жыл болду. Казакстанда анын урматына миңдеген балдардын аттары коюлган. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG