Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

АКШ президенти Барак Обама кумсалар журналында сүрөткө түштү


Барак Обама OUT журналынын мукабасында. 11-ноябрь, 2015-жыл.
Барак Обама OUT журналынын мукабасында. 11-ноябрь, 2015-жыл.

OUT басылмасы Обаманы “жылдын санаалашы” деп атады. Анткени Барак Обама кумсалардын басылмасы үчүн сүрөткө түшкөн биринчи АКШ президенти болуп калды.

Басылманын 11-ноябрда чыккан саны “тарыхый жылдагы тарыхый окуя” катары бааланууда.

2015-жылы АКШ Жогорку Соту бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү түзгөнгө уруксат берген.

Буга чейин Кентукки штатынын аткаминери Ким Дэвис жаңы мыйзам чыкканына карабай, бир жыныстуу үй-бүлөлөрдү каттоодон баш тарткан.

Аткаминердин мындай кадамына Америка президенти жооп берип: “Мен Кудайга ишенген адаммын, диний эркиндикти сыйлайм. Бирок бүгүн адамдар өзүнүн диний көз карашын мыйзамдан өйдө кое албайт”, - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG