Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Мурдагы имам Камаловдун ишин Ош облустук соту кароодо


Имам Камаловдун соту, 24-февраль, 2015
Имам Камаловдун соту, 24-февраль, 2015

Бул тууралуу "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунан кабарлашты. "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камалов боюнча Кара-Суу райондук сотунун өкүмүнө макул болбогон райондук прокуратура Ош облустук сотуна кайрылган. Алар имамды беш жыл эркинен ажыратуу туура эместигин билдирип, жогорку инстанциядан имамды 10 жылга күчөтүлгөн режимде камоону өтүнүүдө. Ош облустук соту имамдын ишин бүгүн саат 10до кароону баштады.

7-октябрда Кара-Суу райондук соту диниятчы Камаловду диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу деп таап, 5 жылга жатак абакка кескен.

Сот айыпталуучуну имамдыкка дайындоо тууралуу муфтияттын буйругу жоктугун, имамдын үй-бүлөсү бар экендигин жана буга чейин туура эмес иштерге катыштыгы жоктугун эске алуу менен анын абак мөөнөтүн кыскарткан. Камаловдун жактоочулары да кассациялык арыз берүүгө камданышууда.

Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ага каршы "экстремизмге чакырган", "халифат курууга аракет кылган" жана "Сирияга адамдарды жөнөткөн" деген шек менен иликтөө иштери башталган. Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG