Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Парламентте жөлөкпул алууну жөнөкөйлөтүү маселеси көтөрүлдү


Муктаж болгондордун мамлекеттен жөлөкпул алуу ишин жөнөкөйлөтүш керек. Мындай талап бүгүн парламенттин жыйынында айтылды. Депутат Айнуру Алтыбаева Баатыр энелер 1000 сомдук жөлөкпул алыш үчүн маалымдама чогултуп 5-6 ай убара тартып жатканын айтып:

- Эмне себептен көп бала төрөп, чоңойтконун тастыктаган "Баатыр эне" күбөлүгүн гана көрсөтүп койсо болбойт? - деп суроо койду.

Ошону менен катар депутат майып адамдардын жыл сайын атайын комиссиядан өтүү убарасына да көңүл буруп, муну жеңилдетүү керектигин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG