Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ош аэропортундагы абалды парламенттик комитет текшерет


Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Ош аэропортундагы абалды текшерет. Мындай тапшырма парламенттин бүгүнкү жыйынында берилди. Буга "Өнүгүү Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун аэропортто бажы, чек ара, милиция кызматкерлеринин жакындарын трапка чейин узатып, тосуп алуу сыяктуу көрүнүш күч алганы тууралуу билдирүүсү негиз болду. Депутат муну жаман адат деп атап, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көңүл бурууга чакырды:

- Аэропортто иштегендер чоңдору, кесиптештери, достору же кудалары учса билеттерин, жүгүн каттатып, трапка чейин узатып барып, тосуп алганы жаман адатка айланды. Же бул алардын кызматтык милдетиби? Дүйнөдө азыр терроризм күчөп жатат.

Соңку кезде авиакаттамдардын коопсуздугу дүйнө алкагында актуалдуу маселеге айланууда. Жакында эле Мисирден Орусияны көздөй учуп чыккан лайнер кырсыкка кабылып, ичиндеги 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Айрым маалыматтарга караганда, буга учактын ичине салынган бомба себеп болушу ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG